#

2024-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында медайымдык, акушердик билим берүүнү жана медайымдык, акушердик ишти өнүктүрүү программасы талкууланды

June 12, 2024 47

2024-жыл 11-июнь күнү Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын, Кыргызстандагы медайымдардын кесиптик ассоциациясынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, медициналык колледждердин директорлорунун жана "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо", "Жаркын Кыргызстан" долбоорлорунун катышуусунда тегерек стол болду. Тегерек столдо "2024-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында медайымдык, акушердик билим берүүнү жана медайымдык, акушердик ишти өнүктүрүү программасы" талкууланды жана негизги багыттар белгиленип,талкууга жиберилди.

Программанын долбоорун тиркейбиз. Сунуш пикирлер болсо, kmka17@mail.ru электрондук дарегине жибериңиздер.