#

КМКАнын КУБОГУ-2024

May 12, 2024 172

2024-жыл 11-май күнү ОшМУнун медициналык колледжи Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын волейбол боюнча кубогун өткөрдү. Спорттук иш чараны ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев  ачып беришти. Мелдешке Кыргызстандагы медициналык колледждердин окутуучуларынан түзүлгөн командалар катышып, Кубок жогорку деңгээлде өттү. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орунду ээлегендерге акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.

Мелдештин жыйынтыгы төмөндө: 

1-орун  40 000 (кырк миң) сом  - ОшМУнун медициналык колледжи
2-орун 30 000 (отуз миң) сом - Нарын медициналык колледжи
3-орун 20 000 (жыйырма миң) сом  К.Ш.Токтоматов атындагы эл аралык медициналык колледж
4-орун 10 000 (он миң) сом Жалал-Абад медциналык колледжи

Photo gallery