#

Казак Республикасынын "Талдыкоргон жогорку медициналык колледжи" тарабынан уюштурулган эл аралык олимпиада

April 16, 2024 71

  

Казакстан Республикасындагы "Талдыкоргон жогорку медициналык колледжи" тарабынан уюштурулган эл аралык олимпиадада Нарын медициналык колледжинин "Лабораториялык диагностика" бөлүмүнүн 3- курсунун студенттери Акылбек к Акак 3-орунду жана  Камчыбекова Элнура "Клиникалык лабораториялык изилдөөлөрдүн ыкмалары" сабагынан  жогорку көрсөткүч көрсөткөндүгү үчүн сертификатка ээ болушту. 

Аталган олимпиада 2024-жылдын 11- апрелинде Казакстан Республикасындагы "Талдыкоргон жогорку медициналык колледжи" тарабынан "Техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттер арасында "Лабораториялык диагностика" бөлүмү боюнча өткөрүлдү.

Олимпиадага  Казакстан Республикасындагы жогорку медициналык колледждери жана Кыргызстандан Республикасынан  Нарын медициналык колледжи жана Бишкек медициналык колледждери катышып,  жалпы 15 студент олимпиадада ат салышты.

Бул олимпиада 2 этапта өткөрүлдү.
Биринчи этап "Гигиена" жана" Биохимия" сабактарынан тесттик суроолорго жооп беришти. Экинчи этапта  "Микробиология " жана "КЛИЫ" сабактарынан практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле НМКнын "Лабораториялык диагностика "адистигинин окутуучулары С.М. Баялиева жана Г. Т. Турарбекова жетектеп барышып, «ЭҢ МЫКТЫ ЛАБОРАНТ» аттуу эл аралык олимпиадасына активдүү катышкандыгы жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн "Ыраазычылык катка" ээ болушту. 

Photo gallery