#

 "Медайымдык иш боюнча "Бакалавр" квалификациясынын деңгээли: жетишкендиктер жана пландар"

February 7, 2024 116

Саламаттык сактоо министрлигинин 01.02.2024-ж. №102  "Медайымдык иш боюнча "Бакалавр" квалификациясынын деңгээли: жетишкендиктер жана пландар" жөнүндө буйругунун негизинде 2024-жылы 6-февралда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ССМнин, КММАнын жана "Жаркын Кыргызстан" долбоорунун колдоосу менен тегерек стол болуп өттү. Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Ө.Т.Станбаев пилоттук колледждердин директорлору менен биргеликте тегерек столго талкууга катышышты. Актуалдуу маселелердин бири академиялык бакалавриатын ЖОЖго киргизүү боюнча  талкуулоо болду жана прикладдык бакалавриатты жогорку медициналык колледж түзүү менен  колледждерге киргизүү кызуу талкуу жаратты. 

Photo gallery