2025-жылдын 11-ноябрь күнү К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Санариптик өзгөрүүлөр жана адам капиталы: келечеги, заман чакырыктары” аталышындагы “Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө” арналган VI Токтомаматов окуулары аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү, илим жана инновация тармактарында санариптик өзгөрүүлөрдү талкуулоо, заманбап технологиялар аркылуу адам капиталын өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун изилдөө жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет.
Конференцияга Кыргызстандын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери, окутуучулары, студенттери, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн келген илимпоздор жана адистер катышышты. Катышуучулар санариптик билим берүүнүн ролу, жасалма интеллекттин медицинадагы жана экономикадагы орду, маалыматтык коопсуздук, инклюзивдүү билим берүү жана жаштардын илимий изилдөө иштерине тартылышы сыяктуу темалар боюнча баяндамалар жасашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө илимий баяндамалардын жыйынтыгында эң мыкты баяндамалар тандалып, катышуучуларга сертификаттар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Конференция өз максатына жетип, окутуучулар менен жаш изилдөөчүлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана жаңы илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.