#

Талас медициналык колледжине – 70 жыл!

май 16, 2025 47

2025-жылдын 16-17-май күндөрү Талас шаарында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы көрүнүктүү билим берүү мекемелеринин бири болгон Талас медициналык колледжи өзүнүн 70 жылдык маарекесин белгилеп жатат.

 Иш-чара салтанаттуу маанайда өтүп, ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, медициналык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, колледждин бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын медициналык колледждеринин Ассоциациясынын мүчөлөрү катышууда.

70 жылдык тарых – миңдеген адистер

1955-жылы негизделгенден бери Талас медициналык колледжи өлкөбүздүн медицина тармагына миңдеген медайымдарды, акушерлерди, лаборанттарды жана фармацевттерди даярдап берди. Бул билим уясы аймактагы гана эмес, бүтүндөй республикадагы саламаттыкты сактоо системасы үчүн өтө маанилүү кадрлардын булагына айланган.

Маарекелик иш-чаралар

Юбилейдин алкагында колледжде бир катар иш-чаралар өтүүдө:

  • Ардак грамоталар жана ыраазычылыктарды тапшыруу

  • Бүтүрүүчүлөрдүн форуму

  • “Тарых жана келечек” аттуу фото көргөзмө

  • Студенттердин медициналык практикалык конкурс-шоу

  • Концерттик программа жана майрамдык кеч

  • КМКАнын Волейбол боюнча кубогу.

Колледждин директору Суеркул уулу Алымбек: "Бул маареке биздин тарыхыбызга, салттарыбызга, мугалимдерибиздин жана бүтүрүүчүлөрүбүздүн эмгегине болгон сый-урматты көрсөтүү болуп саналат. Алдыда дагы заманбап, сапаттуу билим менен аймактык медицинага кызмат кылууну уланта беребиз."

 

Талас медициналык колледжинин 70 жылдыгы — бул эмгекке, билимге, адамдык кызматка арналган доор. Бул маареке жаңы максаттарга жол ачып, студенттерге дем берип, билим берүү сапатын дагы жогорулатуу үчүн шыктануу болду.

КМКА Талас медициналык колледжин бул маанилүү маарекеси менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

 

Фото галерея