#

КМКАнын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

май 27, 2024 158

Кыргызстандагы орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында 2024-жыл 20-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде  Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн "Медициналык айым иши" жана “Фармация” адистиктери боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жогорку баллга ээ болуп, алдынкы орунга жетишкен студенттерди сыйлоо аземи Бишкек жана Ош шаарларында болуп өттү. Сыйлыктарды ОшМУнун Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамажакып уулу Чыңгыз жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев тапшырды. Жеңүүчүлөргө ОшМУнун белектери жана ассоциация тарабынан диплом, акчалай сыйлык тапшырылды. 

        1. “Медициналык айым иши” адистиги боюнча:

Биринчи орун Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенти Пратбаева Айжан Нурмухамедовна 1-даражадагы диплом жана 5000(беш миң)сом.

Экинчи орун Кара-Балта медициналык колледжинин студенти Кожомамбетова Белек Сүйүндүковна  2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом.

Үчүнчү орун Араван “Дулдул-Тоо” медициналык колледжинин студенти Холикова Одинахон Моминжановна 3-даражадагы диплом жана 2000(эки миң)сом.

Үчүнчү ОшМУнун медициналык колледжинин студенти Толубай кызы Айгерим 3-даражадагы диплом жана 2000(эки миң)сом.

 

            2. “Фармация” адистиги боюнча:

Биринчи орун ОшМУнун медициналык колледжинин студенти Абдукаримова Мавлюда Муйдиновна 1-даражадагы диплом жана 5000(беш миң)сом.

Экинчи орун Жалал-Абад медициналык колледжинин студенти Эрмек кызы Жумагүл 2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом.

Экинчи орун КӨЭАУнун медициналык колледжинин студенти Исмаилова Аймончок Улановна  2-даражадагы диплом жана 3000(үч миң)сом.

Үчүнчү орун Талас медициналык колледжинин студенти Шаршенова Адинай Анарбековна 3-даражадагы диплом жана 2000(эки миң)сом

Фото галерея