#

КМКАнын жалпы жыйыны өттү

март 13, 2024 108

2024-жыл 12-март күнү Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын жалпы жыйыны гибриттик форматта өттү.

Жыйындын күн тартиби:

1.КМКАнын 2023-жылга отчету.

2.2024-жылга иш планды бекитүү.

3.Ар түркүн маселелер.

Жыйында күн тартибине ылайык КМКАнын төрагасы Ө.Т.Станбаевдин 2023-жылга карата отчту берилди, сунуштар каралды, 2024-жылга карата иш пландар белгиленди. КМКАнын координаторлору жаңыланды жана ар бир медициналык колледждерде иш пландагы иштерди аткаруу директорлорго милдеттендирилди. КМКАнын валейбол боюнча кубогун өткөрүү үчүн уюштуруу тобуна тапшырма берилди, бул ирет кубокту ОшМУнун медициналык колледжи өткөрөт. Жыйында укуктук-ченемдик актыларга сунуштар берилди, айлык акы боюнча маселелер көтөрүлдү. Жыйынтыгында Кыргызстандагы медициналык колледждерди бириктирип турган Ассоциациясынын миссиясы ийгиликтүү аткарылып жаткандыгын КМКАнын мүчөлөрү белгилеп, төрагага ийгилик каалашты.  

Фото галерея