#

Кыргызстандагы медайымдарга сапаттуу билим берүү

июнь 10, 2022 117

Бүгүн Бишкек шаарында «Кыргызстандагы медайымдарга сапаттуу билим берүү» аталышындагы пресс-кафе өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрилги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле «КРдагы медициналык билим берүүнү реформалоо» Швейцария долбоору менен биргеликте даярдалган профессионалдык медициналык ассоциациялардын өкүлдөрү катышыты.

📚Жаңы окуу жылында Кыргызстанда медайымдык иш адистерин даярдоо боюнча жаңы эксперименталдык программа ишке киргизилген жана ал медициналык айымдарды бюджеттик жана контракттык негизде даярдап жатышкан Бишкек, Нарын, Токмок жана Өзгөн медициналык колледждерин кучагына камтыйт.

📑Окуу программасы медайымдык иш адиси, Словения университетинин профессору Бригита Скела Савичтин көрсөткөн эксперттик колдоосу алдында толугу менен жергиликтүү жумушчу топ тарабынан кайрадан каралып чыккан. Баардык окуу сааттарынын 50% практикалык иштерге арналат жана студенттер чыныгы клиникалык процесстерге тартылышат. Белгилей кетчү нерсе, буга чейин мейли жогорку жана орто билим берүүдө болсун азыркы окуу программасында бул өңдүү жаңычылдыкты жолуктура албайбыз. Окуу процессинин мөөнөтү ошол бойдон калууда, тагыраак айтканда ал толук үч академиялык жылды түзөт.

👩🏻‍⚕️Азыркы этапта, пилоттук программанын катышуучуларын тандоодон сырткары «Медайымык иш» адистиги боюнча эксперименталдык профессионалдык билим берүү программасы иштелип чыкккан.

#merproject #merproject_медайым

Фото галерея