#

КМКАнын Волейбол оюну боюнча Кубогу

июнь 5, 2022 152

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын аткаруу жана өз ара тажырыйба алмашуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу максатында чыккан Саламаттык сактоо министрлигинин 30.05.2022 жылдагы №641 буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 1-3-июнь күндөрү Нарын медициналык колледждин базасында Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоциациясынын волейбол боюнча Кубогу өткөрүлдү. Иш- чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси С.К. Эсенаманова, Нарын шаарынын вице-мэри Н.Жумакадырова, Кыргызстандагы  медициналык колледждердин ассоцациясынын төрагасы Ө.Т.Станбаев, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери жана медициналык колледждердин жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. НМК директору Т.Б.Арпачиева  "Өз ден-соолугубузга кам көрүү менен достугубуз, биримдигибиз чыңалып, биргеликте жетишкендиктерди жараталы" - деген тилегин айтып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап өттү.
Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, 1-орунду Нарын медициналык колледжи ээлеп,  Ассоциациянын 1-даражадагы диплому жана 15 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушса, 2- орунду Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжи ээлеп, Ассоциациянын 2-даражадагы диплому жана 10 000 сом акчалай сыйлыкка, ал эми  3-орунду Б.Сыдыков атындагы КУУ медициналык колледжи ээлеп, Ассоциациянын 3-даражадагы диплому жана 5 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ош медициналык колледжи  4 даражадагы диплом жана 3000 сом, калган колледждер ар түрдүү кызыктуруучу белектер менен сыйланышты.  
Волейбол боюнча кубок КМКА жана Нарын медициналык колледжи тарабынан уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясы мындай иш-чараны улантууну макулдашып, кийинки кезек Бишкек медициналык колледжине берилди.

Фото галерея