#

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын кайрылуусу

октябрь 12, 2024 77

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын кайрылуусу

1. Урматтуу коллегалар, Казахстан Республикасынын Кызылордо Жогорку медициналык окуу жайы тарабынан өткөрүлгөн Илимий-практикалык конференция боюнча толук маалымат сайтка жайгаштырылды.

Казахстан Республикасында медициналык колледждерге прикладдык бакалавриатты киргизгенине 10 жыл болуптур. Илимий-практикалык конференцияда прикладдык программанын ийгиликтерин, жетишкендиктерин белгилөө менен ачык айкын проблемалар да талкууланды. Чет өлкөлөрдөгү жогорку медайымдык иш боюнча билим берүү программаларынын ишке ашырылышы боюнча катышкан ар бир өлкөнүн колледждердин директорлору жана уюмдардын өкүлдөрү доклад жасап, өз ара тажрыба алмашуу жогорку деңгээлде өттү. Симуляциалык жаңы технологияларды окуу процессинде колдонууда биздеги Медакадемия жана медициналык факультеттердегидей деңгээлде симуляциалык виртуалдык аппараттарды медициналык колледждерде колдонулуп жаткандыгын көрүп, ага шарт түзүп берген жергиликтүү  акимиатына, Саламаттык сактоо министрлигине ырааазы болдук. Бизде академиялык бакалавриат киргизилди. Жогорку медициналык окуу жайларда окутууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, эми эң негизгиси прикладдык окуу программасын пилоттук негизде  киргизүү менен кээ бир колледждерибизди Жогорку медициналык колледж институтун киргизүү орчундуу маселелерибиздин бири  жана зарыл экендиги боюнча негиздеме берилген илимий макала да сайтка жайгаштырылды. Таанышып, жамаатыңыздарга жаңылыктар менен бөлүшүп туруңуздар. Мунун баары жакында боло турган сьезд-форумда чечилет, кээ бир адистиктердин окуу мөөнөтү каралат, жаңы адистиктер сунушталып, киргизилет, ж.б. орчундуу маселелерди чогуу чаран чечебиз.

  1. 2024-жыл 14-15-октябрда КМКАнын №16/24 10.10.2024 буйруктун негизинде "Клечектеги колледж-жогорку колледжге карай жол" семинар-тренинги өткөрүлөт.   Жумушчу топ жана программа тиркелет.
  2. 2024-жыл  16-17-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык  сактоо Министрлигинини буйругун ылайык жумушчу топ штаттар боюнча иш жүргүзөт. 
  3. 2024-жыл 14-17октябрь  аралыгында Билим илим министрлиги менен жолугушулар болот,  медициналык колледждердин директорлору менен жолгушуу
Эскертүү: 2024-жыл 18-октябрь күнү саат 15:00дө  сьездге даярдыктар боюнча кеңешме өтөт.

Сиздерди терең урматтоо менен, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын төрагасы Станбаев Ө.Т.